Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туратбек Мадылбеков: УКТ мүчөлөрү аты-жөнүн өзгөртүп парламентте отурат

Экс-депутат криминалдык өкүлдөрдүн бийликке аралашуусуна мүмкүнчүлүк берген мыйзамдагы кемчиликтерди атады

«Ата Мекен» фракциясынын экс-депутаты жана мурунку ИИМ кызматкери Туратбек Мадылбеков, бүгүн бийликте, тактап айтканда Жогорку Кеңеште көптөгөн УКТ мүчөлөрү отурат. Бул туурасында ал  Vesti.kg сайтына бир канча фактыларды келтирип билдирди.

Анын сөзү боюнча, көптөгөн кримчөйрөнүн өкүлдөрү өздүк маалыматтарын өзгөртүшкөн: атын жана фамилиясын.

- 2014-жылы Абдылда Суранчиев ички иштер министри болуп турганда, фракциянын отурумунда биз ага канча УКТ мүчөсү жергиликтүү кеңеште жана парламентте отураары тууралуу суроо бергенбиз, - деди Туратбек Мадылбекович. - Суранчиев ошондо аларды фамилиясынан бери атап, эсептеп берген. Ыкчам кызматкерлер билишет аларды эмне үчүн бүгун ачык айта алышпай жаткандыктарын. Анткени жакында кабыл алынган мыйзам боюнча, кишини УКТ мүчөсү деп, соттун чечиминен кийин гана атоого болот. Ошондон кийин гана ал укук коргоо органдарынын эсебине алынат. Ал эми мурда болсо баары тетирисинче болчу. Алынган маалыматка карап ал кишини УКТ мүчөсү катары эсепке коюшчу.

Экс-депутат кырдаалдан чыгуунун жолун мыйзамды иштетүү менен ишке ашырса болоорун айтат.

- Бүгүнкү күндө бир да УКТ мүчөсү азыркы мыйзам боюнча эсепке алынган эмес, - деп улантат Мадылбеков. - Ошондуктан биз эч кимди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп атай албайбыз. Мындай адам сени жөн гана сотко берип жана ал жерден утуп да кетет. Анткени анын криминалга тийешелүү экендигин аныктаган документ жок. Эмнесин айталы, алтурсун УКТ лидерлери жана «мыйзамдын уурулары» да эсепке алынган эмес. Бул келжиректик. Мен муну ИИМ мурдагы кызматкери катары айтып жатам. УКТ менен күрөшүүдөгү мыйзамды жөнөкөйлөтүү керек. Эгер керек болсо бир аз өркүндөтүү керек, ыкчам кызматкерлер андай адамдарды өздөрү эсепке ала алгыдай кылуу керек.

2014-жылы 20-августта «Ата Мекен» фракциясынын кезексиз отурумунда ИИМ башчысы Абдылда Суранчиев уюшкан кылмыштуу топко тийешеси бар  айылдык кеңештин жана шаардык кеңештин депутаттарын, ошондой эле чиновниктерди эсептеп бергендигин эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх