Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Келдибаевдин кош жарандуулугу тууралуу эми мурдагы эл өкүлү да билдирди

Андан сырткары,  Ыргал Кадыралиева азыркы «РАЖ» фракциясынын депутаты Россияда жоопкерчиликке тартылгандыгын айтат. Ал муну далилдеп берүүгө даяр

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев мандатты мыйзамсыз алган - анда Россия жарандыгы бар. бул туурасында Vesti.kg сайтына ЖК мурунку чакырылышынын депутаты Ыргал Кадыралиева билдирди.

- Келдибаев БШК га РФ жарандыгынан чыккандыгы тууралуу справка алып келип берген, - деп белгиледи ал. Бирок менде РФ ички иштер Министрлигинин Красноярский крайы боюнча Башкы башкармалыгынын бир жыл мурунку каты бар. Анда Ош областынын ИИБ начальнигин суроосуна жооп жазылган. Документте Сагындык Келдибаев чындап эле 2012-жылдын сентябрында РФ паспортун алган. Өзүңүздөр көрүп тургандай даталар дал келбей жатат. РФ ыйгарым укуктуу органы, тагыраагы РФ ИИМ Красноярский крайы боюнча Башкы башкармалыгы анын 2015-жылдын аягында РФ жарандыгын алгандыгын кантип тастыктайт, анткени россиялык элчилик анын жарандыктан чыккан убактысын бир жыл мурун көрсөтүп жатпайбы? Андан сырткары , Келдибаев азыркыга чейин ААК "Асага+" башкы директору болуп саналат, бул анын кош жарандуулугун айгинелейт.

Ыргал Карымшаковна ыйгарым укуктуу органдарга Сагындык Келдибаевдин россиялык жарандыгы тууралуу суроону бир канча жолу жөнөткөндүгүн айтып берди.

- Мага жооп берүүдөн баш тартышты, бирок мен баары бир зарыл болгон далилдердин баарын ала алдым, - дейт ал.   - Жыйынтыгында Келдибеков Россияда кредитти төлөбөгөндүгү үчүн 2017-жылы административдик жоопкерчиликке тартылган болуп чыкты. Буга менде далилдер бар. Бүгүн мен пресс-конференция өткөрүп жана бардык документтерди журналисттер менен бөлүшөм.

Бул адам депутат депутат болууга акысы жок, ал эми БШК мыйзамды сактап , анын мандатын алышы керек.
Мындан мурдараак Vesti.kg сайты фейсбукта «РАЖ» фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаевдин кош жарандуулугу бар экендиги тууралуу маалыматты жазып чыккан эле.

Бирок БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов депутаттын экинчи паспорту эми жок деп ынандырган болчу.

- Биз баарын текшердик, бизде тийешелүү документтер бар, - деп белгилеген Бекматов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде.

Сагындык Келдибаев мандатты апрель айында алгандыгын эсиңиздерге салабыз. Ал жаңы өкмөттүн курамына вице-премьер-министр болгон Алтынай Өмүрбекованын ордун ээлеген

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх