Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Байбакбаев экономикалык кылмышкерлердин кабыгын сыйрып жылаңачтоону сунуш кылды

Эл өкүлү мындай кылуу жөн эле түрмөгө отургузуп койгонго караганда, бюджетке бир кыйла пайда болмок дейт

Экономикалык кылмышкерлерди түрмөгө отургузбай эле кийинки жолу уурдабагыдай кылып эч нерсесин калтырбай жылаңачташ керек. Мындай оюн Экмат Байбакбаев парламенттин пленардык отурумунда айтты.

- Экономикалык кылмыштуулук чөйрөсүндө жазалоонун башкача ыкмасына өтүү керек, - деп сунуш кылды ал кесиптештерине. - Кылмышкерлерди кабыгын сыйрып жылаңачташ керек, аларды камагандан пайда жок. Бүгүнкү күндө алар келтирген зыяндан бюджет жабыр тартып атат. Чиновниктер жеп туруп качып кетет, ал эми бюджет болсо бөксөргөндөн бөксөрүүдө.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх