Темир Сариев УКМКда аны менен эмне тууралуу сүйлөшкөндөрүн айтып берди
- жолу 655 кароо
Экс-премьер экинчи жолу суракка чакырылганын жокко чыгарбайт
Мурдагы өкмөт башчы жана мурдагы экономика министри Темир Сариев Vesti.kg сайтына УКМК аны эмне маселе боюнча чакыргандыгын айтып берди.
Анын айтымында, аны дагы эле күбө катары чакырышкан.
- 2013-жылы экономика Министрлиги Инексимбанк менен келишимге кол койгондо өзүнүн негизги багытын айткан, - деди ал. - Ушул документтер тууралуу бир нече суроолорду тактоо иретинде беришти.
Ошону менен бирге эле саясатчы өзүнүн УКМК га дагы барышы мүмкүн экендигин билдирди.
- Эгерде дагы бир нерселерди такташ керек болуп калса чакыруулары мүмкүн, - деп божомолдойт Темир Аргембаевич.
2013-жылы экономика министри Темир Сариев расмий кат менен кытайдын TBEA компаниясына каршы экендигин билдирген, анткени Бишкек ЖЭБ модернизация боюнча тендерлик тандоо өткөрүлүшү зарыл эле.
Бакыт Стамов
фото www
Окшош макалалар
- УКМК диктофонду скотч менен чаптап, айылдык ыкмага салышы мүмкүнбү?
- Бишкектин экс-вице-мэрин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышты
- УКМК мамлекетке 143 миллион сом акча өндүрүп берди
- УКМК кандай жол менен коррупциялык акчаларды өндурөт?
- Депутат Осмонбек Артыкбаевди ооруканадан УКМК тергөө абагына которушту