Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сегизбаевди Атамбаевдин жакын кадры десе болот, бирок Жолдубаева андай эмес»

Экс-башпрокурор саясатчы эмес,аткаруучу  болгондугу үчүн мурдагы президенттен оолак болгон деген пикирлер бар

Мурунку баш прокурор Индира Жолдубаева саясий фигура эмес жана анын кызматтан кеткенден кийин саясаттагы ордунун жок болушу эч кимди таң калтырбайт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына саясатчылар билдиришти. Мурдараак Vesti.kg сайты КСДП пресс-катчысы Кундуз Жолдубаеванын мурунку президент менен Индира Жолдубаеванын жакын мамилеси жок экендигин айткан сөзүн чыгарган эле.

Саясатчы Марат Казакбаев Vesti.kg сайтына берген маегинде мурунку президент менен мурунку башпрокурордун жакын мамилеси болбогондугун белгилейт.
- Мына Абдиль Сегизбаевди Атамбаевдин жакын кадры десе болот, ал эми Жолдубаеваны - жок.  - Ал жөн гана тапшырма аткарган. Аны Сапар Исаков, Икрам Илмиянов жана Фарид Ниязовдор сыяктуу саясатчы катары кароого болбойт. Ал партияда деле эч ким эмес болчу. Ошондуктан Жолдубаеванын кылган иши кадимки эле нерсе.

Ушуга окшогон ойду саясий маселелерди талдоочу Марс Сариев да айтат.

Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал мурунку башпрокурор болгону чиновник, аткаруучу деп белгиледи.

- Икрам Илмиянов, Фарид Ниязов, Абдиль Сегизбаевдерден айырмаланып ал саясий фигура эмес, коопсуздук үчүн аларга кошулбай деле койсо болот, - деди ал. - Кыскасы, ал өзү деле саясат майданына өткүсү  келбейт.

Эксперттин баамында, Индира Жолдубаева кызматта турганда саясатка аралашпай коюу кыйын болгон. Бирок эми ага саясаттан четтеп кетүүгө болот.

- Жолдубаеванын саясатка аралашканы анык, анткени ал саясий буйрутманы аткарган, - деп макул болот Сариев. - Бирок азыр ага четте гана туруп, аткаруучунун кейпин кийүү туура болот.

Vesti.kg сайты мындан мурдараак КСДП пресс-катчысы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагылар дагы эле жакын мамилесин улантып жатат деген билдирүүсүн чыгаргандыгын эсиңиздерге салабыз.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх