Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП сүрөтчүдөн акчаны кайрып берип, Атамбаевдин сүрөтүн алып кетүүсүн өтүнөт

Партиядагылар  болгон окуяны айтып беришти, сүрөтчү бала УКМК га Икрамжан Илмияновдун үстүнөн арызданып кайрылган

«Сүрөтчү Азамат Джаналиевге Атамбаевдин портрети кайтарылып берилет.Башында ал сүрөт Илмиянов аркылуу Алмазбек Шаршеновичке «белек» катары берилген болчу», деп билдирет КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Адегенде ал Алмазбек Атамбаевдин портретин КСДП офисине белек кылып калтырып кетти. Бирок кийинчерээк, бир нече жума өткөн соң портретти сатып алгыла деп тажата баштады. Үй бүлөсүндөгү көйгөйдү шылтоолоп, сатып алгыла деп туруп алды. Ушундай жол менен ал сүрөтчү Илмияновдон 2,5 миң АКШ доллар өндүргөн соң, сүрөткө акча бергиле деп экинчи сурабай калды. Буга күбөлөр да бар.

«Жаналиев каратып туруп калп айтып жатат, ал кандайдыр бир «коллекциялык» картиналарыма акча бербей коюшту дегени жалган жалаа. Мунусу ага кылмыш ишин козгоого да негиз болуп калуусу мүмкүн.  Илмиянов сүрөтчү Джаналиев менен эч кандай ооз эки, же жазуу түрүндө келишим түзгөн эмес. Джаналиевдин бардык айткандары калп, негизсиз.

Ал эми Сауд Арабиясынын бекзаадасына берилген сүрөт боюнча ага жоопту башкы консулдук берет. Икрамжан Илмиянов ал сүрөттөрдү көргөн да , ал сүрөттөргө кепилдик алган да эмес. Анын үстүнө сатып берем деген эмес. Сүрөтчүнүн өтүнүчү боюнча, Илмиянов консулдуктун кызматкерлерине сүрөтчүнүн силерге суроосу бар экен деп айтып коюшу мүмкүн.

Азамат Джаналиев акчаны алып келип коюп койсун, биз сүрөттү дароо кайрып беребиз. Андан тышкары, анын мурунку ушуга окшоп "сатылып алынган белектерин" да кайрып беребиз».

Ал эми кайтарылып алынган акча «Апрель» Коомдук фондуна салынат. Мындан көрө ал акча чындап муктаж болгондорго жардам катары берилсин, - деди Кундуз Жолдубаева.


КСДП пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх