Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар мунапыс тууралуу сөз кылышты. Бул саясий камактагылар үчүн жаралаган мүмкүнчүлүкпү?

Камалган чиновниктердин мөөнөтүнөн мурун чыгууга болгон мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талдоочулардын ой-пикирлери

Эгерде парламент мунапыс тууралуу сунуш кылынган мыйзамды кабыл алса, анда саясий камактагыларга ага илешип калуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Мындай деген пикирин  Vesti.kg сайтына юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев бөлүштү.

- Кыргызстанда мунапыстын жалпы принциптери тууралуу мыйзам бар, оор кылмыш кылгандар  бул амнистияга туш болбойт, - дейт ал. - Балким амнистия тууралуу конкреттүү мыйзам чыгарып, ошонун аркасы менен кээ бир жарандарды чыгарып алса болоттур. Коомчулуктун угуусуна коюлган мыйзам долбоорунда аталган беренелер боюнча камалгандар мунапыс алып чыга алышпайт.

Алардын арасында «Коррупция» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери бар. Бул ошол камалгандар мунапыс алып чыга албай турган беренелер. Андан сырткары 2019-жылдын 1-январынан баштап мунапыс тууралуу жаңы мыйзам күчүнө кирет. Ал бир аз жумшагыраак. Ал мыйзам боюнча  саясий камактагыларга эрте чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

Өз кезегинде Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу  Канат Хасанов депутаттардын мунапыс тууралуу идеясын колдоду.

- Мунапыс абдан зарыл, анткени түрмөлөр толуп кетти, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде.  - Ал эми саясий камакта отургандар тууралуу сөз кылсак, алар сунушталган мыйзамдын негизинде чыгып кетиши мүмкүн. Бирок алар оор кылмыш үчүн жазага тартылган. Бул учурда мунапыс алардын камалуу мөөнөтүн гана кыскартышы мүмкүн. Мөөнөтүнөн мурун чыгууга баары бир болбосо керек.

Депутаттардын тобу 1938-жылдагы саясий репрессиянын курмандыктарынын 70 жылдыгына карата мунапыс кылуу мыйзам долбоорун коомчулуктун талкуусуна коюшту. Ал мунапыска төрт миңден ашуун адам туш болуусу мүмкүн.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх