Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баары эле жүз үйрүп кеткен жок. КСДП нын төрт депутаты Сапар Исаковго кирип чыгышты

Эл өкүлдөрү калган партиялаштарына да барышты. Ирина Карамушкина өзү менен УКМК тергөө абагына чогуу барган кесиптештерин эсептеп берди

КСДП парламенттик фракциясынын мүчөлөрү менен көрүшүү үчүн УКМК тергөө абагына барышты. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Айбек Калиев, Салайдин Авазов жана Осмонбек Артыкбаев менен жоолугууга төрт депутат: Бакытбек Жетигенов, Асель Кодуранова, Данияр Аттокуров жана Карамушкина өзү барды.

- Биз өз ара тергөө абагына баралы деп сүйлөшүп алдык, - дейт эл өкүлү. Фракциянын башка депутаттарына сунуш кылган жокпуз. Бул тууралуу КСДП нын башка депутаттары кандай ойдо?

Чыныбай Турсунбеков Vesti.kg сайтына берген маегинде УКМК тергөө абагында жаткан Осмонбек Артыкбаевге гана баргандыгын айтты, анын айтымында, чындап эле ден соолугу начар экен.

-  Анын жүрөгү ооруйт, кан басымы жогору, - дейт Чыныбай Акунович. - Менин билишимче, эгерде саламаттыгы начарласа аны №47 ТК ооруканасына которушса керек.

Ал эми дагы бир «социал-демократ» Анвар Артыков  партиялаштардын эч кимиси аны чакырбагандыгын Vesti.kg сайтына билдирди.  

Кесиптештеринин УКМК тергөө абагына барышкандыгын  депутат Мухтарбек Айнакулов болсо биринчи жолу угуп жатыптыр.

- Мен азыр ооруп, өргүүдөмүн, ошондуктан бул тууралуу эчтеке билбейм, - деди ал Vesti.kg сайтына.

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда Ирина Карамушкина КСДП фракциясынын мүчөлөрү КР УКМК тергөө абагына Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов , Айбек Калиев, Салайдин Авазов жана Осмонбек Артыкбаевдерге учурашууга баргандыгын билдиргендигин белгилей кетели.
 
Анын сөзү боюнча, камактагы саясатчылар коррупция менен күрөштү акыйкат жүргүзгүлө деп суранышкан. - Алар күнөөлөрү далилденсе жазасын тартууга даяр, дейт Ирина Юрьевна.  - Бирок күнөөнү ашыра көбөйтүү - бул бумеранг сыяктуу, өзүңө тийет. Ошол эле учурда бажыны тоногон жана Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгын уурдагандар эркиндикте жүрөт. Алардын кезеги качан келет?

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх