Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокуратура жана УКМК коррупцияга каршы кызматы Манас Арабаевдин сотторго басым жасагандыгын текшерет

Жумушчу топ президенттин аппаратынын мурунку жаңжалдуу бөлүм башчысынын ишмердүүлүгүн изилдешет

Башпрокуратура УКМК коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери менен бирдикте сот процесстерине киришип, басым жасаган жана сот системасынын кадр маселелеринде мыйзамсыз чечим чыгарган президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулугу бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаевдин жана башкалардын ишмердүүлүктөрүн текшерүү үчүн жумушчу топ түздү.  Бул туурасында Медиа Полис Институту билдирет.

Мекеменин маалыматы боюнча, текшерүүгө 2018-жылдын 17-апрелинде депутат Тынчтыкбек Шайназаровдун Жогорку Кеңештин отурумундагы билдирүүсү жана Бишкектин Ленин райондук сотунун мурдагы төрагасы Максуда Оморованын билдирүүлөрү себеп болгон.

Тактап айтканда, жогоруда көрсөтүлгөн адамдар соттордун ишине президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Манас Арабаев жана УКМК кызматкери Алмаз Маткасымовдордун киришип, басым көрсөтүшкөндүктөрүн конкреттүү фактылар менен көрсөтүшкөн. Бул  Медиа Полис Институтунун билдирүүсүндө айтылган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх