Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокуратурада жарандардын гана арызын кабыл алуучу бөлүм түзүштү

Башкы көзөмөлдөөчү органынын түзүлүшүндө өзгөрүүлөр болду

Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы сунушу боюнча коррупциялык тобокелчиликти азайтуу, прокурордук  ишмердүүлүктүн ишин жакшыртуу, ошондой эле жарандардын арыздарын өз убагында кароону камсыздоо максатында Башпрокуратуранын түзүлүшүндө өзгөрүүлөр болду.

Ошону менен бирге, жарандардын көпчүлүгү төмөнкү инстанцияларга арыздангандыктан, бөлүмдүн кызматкерлери жер-жерлерди кыдырат.

Мындай бөлүмдүн ачылышы жарандардын арызы боюнча иштин сапаттуулугун жогорулатып жана прокуратура кызматкерлеринин үстүнөн болгон арызды азайтат деп ишенебиз, ошондой эле жарандардын доо, арыздарын кароону ар тараптуу жана ыкчам камсыздайт деп ишенебиз.
Андан сырткары, түзүлүш бөлүктөрүнүн жарандардын арызын кароо боюнча  аткарган кызматтарын  тармактык башкарууга бөлүп берүү кылмыш иштерин иликтөөнү сапаттуу көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Андан сырткары мамлекеттик органдарда коррупциялык схемаларды аныктоого, ошондой эле сотто мамлекеттик айыптоону сапаттуу колдоого өбөлгө түзөт.

Башпрокуратуранын маалымат бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх