Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК тийешелүү комитетинин жыйыны бир гана депутат келгендигине байланыштуу өткөрүлбөй калды

Алмасбек Акматов үлгүлүү жүрүш турушу менен өзгөчөлөндү

Бүгүнкү ЖК комитетинин агрардык саясат, суу ресурсу, экология жана аймактык өнүгүү боюнча отуруму депутаттардын жоктугуна байланыштуу болбой калды.

Жогорку Кеңештин тийешелүү отуруму саат 10:00 болмок, ага депутат Алмасбек Акматов жана өкмөт мүчөлөрү гана келишти.

Бүгүн төмөнкү маселелер каралмакчы эле: КР «Кооперативдер тууралуу», «Өндүрүштү мамлекеттик жөнгө салуу жана этил спиртинин жүгүртүлүшү, алкоголдук өнүмдөр, жана ошондой эле алкоголдук, алкоголу жок ичимдиктерди колдонуу»  тууралуу мыйзам долбоору жана Кыргыз Республикасындагы 2018-жылда жайкы-талаа иштерине даярдык боюнча өкмөттүн токтому.

ЖК агрардык саясат, суу ресурсу, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитеттин мүчөлөрү болуп депутаттар Айтмамат Назаров, Алмасбек Акматов, Рада Түмөнбаева, Мухтарбек Айнакулов, Асылбек Жээнбеов жана Абылкайыр Узакбаевдер эсептелишкендигин белгилей кетели.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх