Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Депутаттар акыры аскер кызматкерлерине да көңүл бурушту»

Аскер кызматкерлери депутаттардын мыйзамга пенсия тууралуу түзөтүүлөрдү киргизүү идеясын колдошот

Мыйзамга аскер кызматкерлеринин пенсиясы тууралуу түзөтүүлөрдү капкачан эле киргизүү керек болчу. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына аскердик укук коргоочу Анвар Сартаев билдирди.

- Төөнүн куйругу жерге тийип, депутаттар аскер кызматкерлерине көңүл бура башташты,- дейт ал. - Бийик тоолуу аймак үчүн пенсия алган жөнөкөй жарандар, жашаган жерин которуп деле ошол пенсиясын ала беришет. Ал эми аскер кызматкерлери бул нерсе үчүн сот жообуна тартылат. Жакында эле өрт өчүрүүчүнү соттошту, ал Нарында туулуп, кызмат өтөгөн болчу. Кийинчерээк ден соолугуна байланыштуу Кантка көчүп келген эле. Аны тергөө абагында 50 күн кармашты, андан соң эки жылга соттошуп, айырманы төлөөгө мажбурлашты. Бул деген кордоо. 2010-жылдан бери аскер кызматкерлеринин абалы оорлоп баратат. Чыныгы акыбал тууралуу же өкмөттүн, же парламенттин кабары жок. Бир гана жарандык сектор коомдук кеңеш аркылуу билдирет. Бирок акыры депутаттар аскер кызматкерлери менен бет карашаар ?

Өз кезегинде УКМК эс алуудагы генералы Артур Медетбеков пенсияны кароо алардын кызматына өбөк болот дейт.

- Эгерде адам он жылдан ашуун бийик тоолуу аймакта иштесе, ага оор шарт үчүн кошумча төлөп берүү керек. Ал ден соолугунан ажырады да, - дейт Vesti.kg сатына Артур Капарович.

Мыйзамга түзөтүү киргизүү зарыл. Биздин өлкөдө аскер кызматкерлери көнүлгө алынбай калган. Айлыктары аз, пенсиясы деле жарытылуу эмес. Генералдардыкы 26 миңден башталат, ошондуктан депутаттар бизди жеп атат деп ойлобой эле коюшсун. Андан сырткары мыйзамга пенсия тууралуу түзөтүүлөрдү киргизүү кызмат кылууга кызыгууну арттырып, оор шарты бар аймактан кадрлардын качуусу азаят.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча парламенттик комитет аскер кызматчыларынын пенсиясы тууралуу мыйзамга түзөтүү киргизүү тууралуу маселени карашты.
Депутаттар райондук коеффициенти бар аймакта он жылдан кем эмес кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине кай жерде жашагандыгына карабастан кошумча пенсия төлөөнү сунуш кылышты.

Азыркы мыйзам боюнча райондук коеффициент менен кошумча акча алып жүргөн аскер кызматкери башка жакка көчүп кетсе, ага кылмыш ишин козгоп коюуга болот.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх