Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков: Кытай -Кыргызстан - Өзбекстан темир жол курулушуна өзгөчө маани берем

Мамлекет башчы Кыргызстандын инфраструктуралык туңгуюктан чыгуусу зарыл экендигин эскертти

Аймактык-башкарууну кайра түзүү маселеси курч бойдон калды. Бул тууралуу көп айтылды, бирок эч нерсе кылынган жок, - деп Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште билдирди.

- Аймактарды өнүктүрүүдөгү бирдей эмес мамиле, өнүгүү боюнча өз милдетин аткарууга жөндөмсүз жергиликтүү бийлик бул кайра түзүүнүн зарылчылыгын айгинелейт, - деп белгилейт ал. - Эл тарабынан да, депутаттар тарабынан да бул көйгөйдү чечүүнүн ар кандай жолдору сунушталууда. Бул туурасында менде бир ой бар. Менин жарлыгым менен бийликтин бардык бутактарынан турган жумушчу топ түзүлөт. Алар талдоо жүргүзүшү керек. Булар кайра түзүүнүн тобокелчилик жана артыкчылык жактарын изилдеп чыгуулары керек, ошондой эле аймактарды өнүктүрүүнүн жолдорун таап чыгып, өнүгүүгө негизги күчтү бере турган чөлкөмдү аныктоолого тийиш.

Андан сырткары, Жээнбековдун сөзү боюнча, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштелип чыккан негизги долбоорлор ишке киргизилет.

- Кыргызстан автомобиль жана темир жол курулушуна, электр өткөргүчтөр жолун жакшыртууга жана байланышка муктаж, - деп улады президент. - Алар инвесторлорду өлкөгө тартуучу факторлор.

Мамлекет башчы Кыргызстан инфраструктуралык туңгуюктан чыгып жана Кытайдан башталып Евразиянын деңиз портторуна жете турган транзиттик жолго кошулуусу керектигин эскертти.

- Ошондуктан биз «Улуу жибек жолу» эл аралык долбоорунун алкагында активдүү катышуучу болушубуз керек, - дейт ал. -  Көп жылдык долбоорлордун ичинен мен Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол курулушуна өзгөчө маани берем. Өткөндө мен Кытайга мамлекеттик иш сапар менен бардым. Бул долбоорго кызыкдар тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Биз Россия менен сүйлөшүп  туруп, анан багытыбызды ачык айтабыз.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх