Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы акыйкатчы баардыгы үчүн күтүлбөгөн жаңылык болушу мүмкүн

Укук коргоочулар кайрадан акыйкатчынын ордун талашышат. Бирок алардын арасында Кыргызстандагы адам укугунун чыныгы акыбалына депутаттар кайдыгер экендигин билгендери бар

Кубат Оторбаевдин Кыргызстандын акыйкатчысы кызматынан кетээри менен анын мурунку атаандаштары бул кызматтык орун үчүн күрөшүшөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ошолордун бири, укук коргоочу Калича Өмүралиева айтып берди.

- Эгерде ачык конкурс кылышса, сөзсүз арызымды берем, - деп тактады ал. - Менин жеңүүгө мүмкүнчүлүгүм аз, анткени өздөрүнөн бирөөнү дайындашат. Бирок мен баары бир адам укугуна биздин депутаттар кайдыгер экендигин далилдөө үчүн ушуга барам.

Активист Кубат Оторбаевдин ордун ким ээлерин билбейт. Анын айтымында көпчүлүктүн оозун ачырган бирөө келет.
- 2015-жылы деле журналист Оторбаевдин акыйкатчылыкка келээри эч кимдин оюна келген эмес, - дейт Өмуралиева. - Дагы бирөөнү коюшат да.

Укук коргоочу Рита Карасартова азыркы акыйкатчынын кеткенине өкүнгөндүгүн билдирет. Кыскасы ал да талапкерлигин көрсөтөт.

- Мен эки жолу аракет кылгам, бирок кийин түшүндүм, алар өздөрүнүкүн коюшат экен. - Балким аракет да кылып көрөөрмүн, ким билет өлкөдө саясий кырдаал өзгөргөндүр. Парламент чыныгы адам укугун коргогон талапкерди кабыл алууга даяр бекен ?

Мындан мурдараак Vesti.kg сайты Кубат Оторбаев КР акыйкатчысы кызматынан кетээри тууралуу кайрылуусун жазган эле.

«Ар бир адамдын өмүрүндө билимин, тажрыйбасын башка тармакта көрсөтүүнү каалаган учур болот. Мамлекетке жана коомго ошол жагынан пайда көрсөтсөм ыңгайлуу болот деп эсептейт. Ошондой учур мага да келди. Бул чечимди шашпай жана ойлонуп, ошондой эле кимдир бирөөлөрдүн басымы менен эмес өзүм гана кабыл алдым », -  деген кайрылуусун пресс-кызматы жайылткан эле.

Акыйкатчынын Аппаратынын пресс-кызматы Vesti.kg сайтына башкы акыйкатчынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп  Эрлан Алимбаев дайындалгандыгын билдирген.

2017-жылдын аягында КСДП партиясы Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө маселесин көтөргөн эле. Анткени акыйкатчы жыл сайын берчү отчёттун отурумуна  бир канча жолу барбай койгон.

Алтургай анын ордун мурунку акыйкатчы Турсунбек Акундун ээлей тургандыгы тууралуу да айың кептер болгон.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх