Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жети-Өгүз мечитинин имамы - террористтик топтун мүчөсүбү?

Депутат дин өкүлүнүн үгүт иштери тууралуу билдирди, бирок УКМК бул маалымат ырасталбагандыгын айтат

Жети-Өгүз мечитинин имамы тыюу салынган «Йакын инкар» экстремисттик топтун мүчөсү болуп саналат. Бул туурасында Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн маалыматы боюнча, мечитте терроризмге ачык эле үгүт болуп жатат.

- Мага Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары кайрылышты. Алардын айтымында, иштеп аткан мечиттердин биринде терроризм ишмердүүлүгүнө үгүт иштери жүрүп жатат, - деди ал.
- Алардын тыюу салынган уюмга мүчө экендиктери аныкталды.
Өз кезегинде УКМК террорго каршы борборунун директорунун орун басары Канжарбек Бакаев, анын бул маалыматтары ырасталбагандыгын айтып Мамашовага жооп кайтарды.

- «Йакын инкар» уюму чынында эле экстремисттик деп табылган. Бул маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлүп, бирок маалымат ырасталган жок, - деди Бакаев.
- Айсулуу Турусбековна, сизге бул маалыматты мамлекеттик эмес уюмдун башчысы Гүлжан Байымбетова берген. Биз аны менен баарлашканыбызда, ал маалыматты кайдан алгандыгын айтып бере алган жок.

Ошондой эле, Бакаев Жети-Өгүздөгү бардык мечиттер текшерилгендигин кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх