Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик миграция кызматы: Памирлик кыргыздар Кыргызстандан кетишпейт

Мурдараак депутат Жанар Акаев памирлик кыргыздардын кээ бир үй бүлөлөрү Афганистанга кете тургандыгын, анткени аларга Нарын бийлиги «көңүл бурбай калгандыгын» айткан эле

Нарын областында жашаган памирлик кыргыздардын эки үй бүлөсү кайра кеткени жатат. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Жанар Акаев айтты.

«Бир нече күн мурун мен Кыргызстанга алынып келинген памир кыргыздарынын үй бүлөлөрү менен жоолуктум, - дейт ал. - Алар Нарын областынын элдери көрсөткөн жардамдарына, меймандостугуна абдан ыраазы. Мага билдиришкендей, аларга жер бөлүнүп берилмек экен, бирок бул тууралуу унутуп калышып, алар азыр кыйын кырдаалда турушат. Аларды Кыргызстанга алып келишкендери эң жакшы, бирок өкмөт аларга көңүл бурбай жатат. Алардын арасынан эки үй бүлө кетебиз деп жатат. Кетип калышса шерменде болобуз».

Мамлекеттик миграция кызматы Акаевдин айыптоосуна жооп кылды. Коррупцияны эскертүү маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Кубан Бекмуратов депутат айткан маалыматтарды четке какты:

«Нарын областында жашаган памирлик кыргыздар жайкы каникул убагында Памирдеги туугандарына барып , кайра күзүндө окууга келсек деген каалоолорун айтышат, - дейт билдирүүдө. - Бардык эле памирликтер Памирге баргысы келбейт, алардын көпчүлүгү каникулду Кыргызстанда өткөрүүнү каалашат».

КР Мамлекеттик миграция кызматы өкмөт тажик жана афган бийликтери менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардын Памирге барып келүүсүн камсыздайт,- деп билдирди.

«Ал эми бериле турган жер тилкеси тууралуу маселеде алардын бул жакка окууга гана келгендиктерин эске алуубуз керек. Афган кыргыздары бул жакка балдарын окутканы гана келген, - деп бышыктады Мамлекеттик миграция кызматы. - Биздин өлкө алардын бул жакта болушуна шарт түзүп берет».

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх