Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чириген жыгач түркүктөр депутаттын үрөйүн учурду

Закир Шарапов айылдардагы электр зымдары өтүүчү түркүктөрдү гранттын эсебинен алмаштырууга өкмөттү үндөдү

Аймактардагы электр зымдары тартылган түркүктөрдү алмаштыруу зарыл. Бул тууралуу депутат ЖК Кыргыз Республикасы менен Европа өнүктүрүү жана калыбына келтирүү банкынын ортосундагы  кредиттик келишимдерин кароонун жүрүшүндө айтты.

Депутаттын сөзү боюнча, жакында ал түштүктө болуп, зым тартылган түркүктөрдү көрүп үрөйү учкан.

- Кадамжай районунда электр зымдарын чириген түркүктөр кармап турат, мен силерге сүрөтүн көрсөтөм, - деди эл өкүлү. - Эки айылдын ортосунда жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөрү бар. Бул коопсуз эмес. Эгерде мыйзам долбоору өтсө, кредиттин эсебинен аларды алмаштыруу керек.

Мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жаткандыгын эсиңиздерге салабыз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх