Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Вице-премьер кыргыз шырдагынын ЮНЕСКО тизмесине киришин каалайт

Алтынай Өмүрбекова «Кыргыз шырдагы» Эл аралык фестивалына катышты

Вице-премьер-министр Алтынай Өмурбекова Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргыз шырдагы» Эл аралык фестивалына катышты.

Ал Мухаммедкалый Абылгазиев жөнөткөн фестивалдын меймандарына, уюштуруучуларына жана катышуучуларына карата куттуктоо сөзүн окуду.
 
"Бул иш чаранын негизги максаты шырдак жасоочу уздарды колдоо жана кыргыз элинин кол өнөрчүлүк буюмдарын даңазалоо болчу. Фестивалдын Нарын облусунда сегизинчи жолу болуп жатышы кубанаарлык иш. Биздин уздардын эмгегинин аркасында шырдакты бүт дүйнө жузү билди жана ал кыргыздын улуттук буюму болуп калды"- деп айтылат куттуктоодо.

Өмүрбекова 2012- жылы шырдак жоголуу коркунучунда турган, адамзаттын материалдык эмес байлыктарынын катарына киргендигин белгилеп өттү.
 
«Кыргыздын кол өнөрчүлүгү көчмөн турмуштун биздин күндөргө чейин жетип келгендигинен кабар берет. Биз шырдак менен ала кийиз ЮНЕСКО материалдык эмес маданий байлыктарынын тизмесине киришин каалайбыз. Байыртадан эле кийиз кыргыздын салттуу негизги искусствосу болуп саналат жана алардын маданий байлыгынын ажырагыс болүгү», - деп белгиледи ал.  

Вице-премьер республиканын жети облусунун ар кандай өзгөчөлүктөргө ээ буюмдары бар экендигин баса белгиледи.
 
«Ошону менен бирге эле уз аялдар бул нерсенин сактоочусу болуп эсептелет жана муну үйрөнүп, акча таба башташса болот. Бугүнкү күндө алар үй бүлө институтун бекемдөөдө чоң күч берип жатышат. Анысы менен кыргыз аялдары бир гана үй бүлөнүн материалдык маселесин чечпестен, кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүн дүйнөгө таанытып жатышат», - деди ал.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх