Депутат Сагындык Келдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиевадан 7 миллион сом талап кылат
Ал мурунку эл өкүлүн сотко берди
Депутат Сагындык Келдибаев өзүнүн намысын жана кадыр-баркын коргоо үчүн Ленин райондук сотуна Ыргал Кадыралиеванын үстүнөн арыз жазды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына депутаттын жардамчысы билдирди.
Анын айтымында, Келдибаев андан моралдык чыгымга компенсация катары 7 миллион сом талап кылат.
- Сагындык Ашыралиевич өзүнүн арызында Кадыралиева ал тууралуу Россиянын жарандыгы бар деп, туура эмес маалымат таркаткандыгын билдирген, - дейт анын жардамчысы.
Мурунку депутат Ыргал Кадыралиева азыркы эл өкүлү Сагындык Келдибаевде Россиянын жарандыгы бар деп күнөөлөгөндүгүн эсиңиздерге сала кетели.
Бакыт Стамов
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз