Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Мөөнөтү өтүп кеткендиги буга негиз болду

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда депутат Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Vesti.kg  сайтына анын агасы, ИИМ ГУГССО мурунку башчысы Талант Исаев билдирди.

Анын айтымында мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иши жабылды.

- Соттор КР КК 303-беренесин 304-беренеге кайра оңдошту жана мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш ишин жапты, - дейт Талантбек Кедейканович.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында Бишкектин Биринчи май райсоту Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткандыгын эсиңиздерге салабыз. Ал Токмоктун мэри болуп турган убакта коррупция жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыпталган. Аны менен бирге Токмоктун вице-мэри Болотбек Имамадиев жана муниципалдык менчик Башкармасынын мурдагы башчысы Мирлан Эсенбеков бул ишке тартылышкан.

 Ал арада депутат Исаев башка кылмыш ишинен чыгып жатат, ошонун айынан былтыр 30-сентябрда кармалып УКМК тергөө абагына киргизилген болчу.  

Башпрокуратура аны «Кылмышка даярдануу», «массалык башаламандык» жана «бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча айыптаган.  

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх