Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокуратура Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш ишин козгоду

Ал мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өттү деп шектелүүдө

Башпрокуратура Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында УКМК пресс-кызматы билдирет.
«25-июнда Башпрокуратура А. Шадиевге карата КР КК 346-беренесинин 1 б. каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү). Тергөө жүрүп жатат», - деп белгилешти мекемедегилер.

Саясатчы кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган деп айыпталгандыгын да эскерте кетели.

Кеп Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка берилген 30 миң доллар бюджеттик каражат боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу болуп жатат.

Бул кылмыш ишин Башпрокуратура 2018-жылдын 28-апрелинде козгогон.
Бирок 27-апрелде Шадиев Баткен облусундагы Исфана шаарына туугандарына батага барып, андан ары Лейлек районунун Арка айылы аркылуу чек араны мыйзамсыз кесип өтүп жана Тажик Республикасына багыт алган.

Алдын ала белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, 28-апрелде ал Ходженттен Москвага учуп, андан ары дипломаттык паспорттун аркасы менен Нью-Йорк шаарына учуп кеткен.

Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх