Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев келет

Эки мамлекеттин башчыларынын акыркы сүйлөшүүлөрү 2012-жылы өткөн

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга иш сапары менен келүүнү көздөйт. Бул тууралуу  КР президентинин аппараты маалымдайт.
Иш сапарынын так күнү белгисиз. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык маарекесине катышып келгендигин билдирет. Ал Азербайжан президентинин администрация башчысы - Коопсуздук кеңешинин катчысы милдетин аткаруучу Ремиз Мехтиев менен жоолуккан.

Жоолугушууда кызматташуу жана Азербайжан президентинин Кыргызстанга болчу иш сапары талкууланды.

Эки мамлекеттин башчыларынын акыркы сүйлөшүүлөрү 2012-жылы Алмазбек Атамбаев Бакуга барганда болгон.
Фото www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх