Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Спикер Сапар Исаковду мурда эле эс алууга кетирүүнү көздөшкөндүктөрүн билдирди

Дастан Жумабеков өкмөттү таркатуу тууралуу Бишкек ЖЭБ авариясы боюнча териштирүү бүтө электе эле сүйлөшүп коюшкандыгын айтып берди

Бишкек ЖЭБ авариясы боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыккыча эле оппозициялык партиялар Сапар Исаковдун өкмөтүнүн таркатылышы зарыл экендигин билдиришкен. Төрага катары Дастан Жумабеков пресс-конференцияда мурунку министрлер кабинетине болгон ишеничтин кетишинин себебин түшүндүрдү.

- Сапар Исаков ЖЭБ авариясы тууралуу териштирүү бүтө электе эле өзүнүн аткарган жумушу тууралуу отчёт берейин деген, - деди спикер. - Ошондо эле оппозициялык фракциялар өкмөт таркашы зарыл деп билдиришкен. Ал эми комиссиянын жыйынтыгы чыгаары менен башка чиновниктер сыяктуу эле Сапар Исаков да ага тийешеси бар болуп чыкты. Андан сырткары Коопсуз шаар жана башка иштер боюнча да иштери канааттандыраарлык эмес болчу. Жыйынтыгында 100 ашуун депутат отставкага кетсин деп добуш беришти.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх