Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев ИИМ жанына Бурулайдын эстелигин орнотууга каршы

Мурдагы ички иштер министри депутаттарга болбогон нерсени сунуштабай, иш менен алектенгиле деп кеңеш берди

ИИМ мурдагы башчысы Мелис Турганбаев депутат Дастан Бекешовду Бурулайдын кайгылуу өлүмүн саясатташтырбоого кеңеш берди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы ички иштер министри өзү билдирди.

Анын сөзү боюнча, эл өкүлү туура эмес басым коюп жатат.

- Албетте, бул ИИМ бетине чүркөө болгон өтө кайгылуу окуя,- деди Мелис Токтомамбетович. - Мен Бурулайдын жакындарына көңүл айтам. Күнөөлүүлөр жазаларын алуусу керек. Бирок, менин оюмча бул нерсени саясатташтыруунун кереги жок. Анткендин ордун депутаттар бул иштин аягына чыгуусун көзөмөлгө алуулары керек. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, бардык эле милиционерлер акмак эмес. ИИМ иштеген тартиптүү жана ар-намыстүү кызматкерлерибиз өтө көп. Аз айлыкка эптеп-септеп материалдык жактан камсыз болгон кызматкерлер, күндүр-түндүр эгектенишип, коомдук тартипти сактап, өз милдеттерин аткарып келишет. Депутаттар мына ушул маселени чечүүлөрү керек. Депутаттар болбогон нерсени сунуштабай, иш менен алектенишсе болмок.

Парламенттин акыркы жыйынында депутат Дастан Бекешев ИИМ имаратынын жанына милиция кызматкерлерине сабак болуп, эсине салып туруу үчүн, курман болгон Бурулайдын эстелигин орнотууну сунуштагандыгын белгилей кетели.

Бакыт Стамов
Фото www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх