Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязовдон качып кетишти. АКШ Ренат Самудиновго саясий башпаанек берди (видео)

КСДП жаштар канатынын мурдагы лидери ал азыр кайда экендигин жана аялы экөөнүн Кыргызстанды таштап кетүүсүнө эмне түрткү болгондугун айтып берди

Жарандык активист жана КСДП жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов жана анын аялы учурда Чикаго шаарында жашап жатышат. Бул тууралуу активист өзү укук коргоочу Искен Афиджановдун соцтармактагы баракчасына койгон видеотасмада айтат.

Самудинов өзүнүн видеокайрылуусунда эмне үчүн алар аялы экөө АКШ саясий башпаанек сурагандыктарын түшүндүрөт.

    - Менин өзүнүн материалдарында көптөгөн коррупциялык схемаларды изилдеген, мен да Кыргызстандын демократиялык баалуулуктары үчүн күрөшкөм, - дейт ал. - Бизге болгон басым президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку  аппарат  башчысы Фарид Ниязовдун коңгуроосунан кийин күчөдү.  Мен партиянын түзүлүшү менен алектенгенимде, көптөгөн таза эмес учурларды Фарид Ниязовго билдирген элем. Бирок, колдоонун ордуна аябагандай басымга дуушар болдум. Тилекке каршы бийлик аялымдын да, менин да эмгектерибизди баалаган жок.

Мурда жарандык активист Ренат Самудинов жана аялы Эльнура Молдокадырова АКШ саясий башпаанек сурагандыктарын эсиңиздерге салабыз. Азыркы учурга чейин алар Калифорния штатындагы Аделанта шаарында атайын кармоочу жайда турушкан.

Бакыт Стамов
фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх