Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төрага таластыкча «моюнча» дебей, «боюнча» деп сүйлөөгө убада берди

Журналист спикер Дастан Жумабековдун сөзүндөгү катасын айтты

Жыйынтыктоочу пресс-конференцияда журналист парламент спикери Дастан Жумабековдон качан туура эмес сүйлөгөндү токтотоорун сурады.

- Сиз дайыма «боюнча» деген сөздү «моюнча» деп бузуп сүйлөйсүз, - деп белгиледи ММК өкүлү. - Депутаттар дайыма сөздү бурмалап сүйлөшөт - бул жагымсыз нерсе.  Сиздерге элдин баары карап турат, туура сүйлөш керек.

Төрага бул суроого мындайча жооп узатты.

- Мен Таласта өскөм, ошондуктан жаш чагымдан бери ушинтип сүйлөп көнүп калгам, - деп түшүндүрдү ал. Көп адамдар мага ушул тууралуу айтышат. Мен туура сүйлөөгө аракет жасайм эми. Кимдир бирөөгө бул жакпай жаткан болсо, кечирим сурайм.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх