Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-депутат: Европа менен жакындашкысы келгендерге Орусия ар кандай жолдор менен басым жасайт

Өмүрбек Абдрахманов ЕАЭБ бирдиктүү валютасы катары рублдын киришине каршы. Ал долларды колдоно берсе болот деп ишенет

Кыргыз товарынын баасы доллар менен баалануусу абзел, рублга өтүп кетүү коркунучтуу. Бул оюн Vesti.kg сайтына экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов билдирди.


- ЕАЭБ туруксуз уюм, ага кирген бардык өлкөлөр авторитардык, - дейт ал. - Ушул уюмдун мүчөлөрүнүн кимиси Европа менен жакындашып, демократияны кааласа, демек ал уюмга кирбейт. Орусия аны ар кандай жолдор менен муунта баштайт. Авторитардык системанын келечеги жок. Бирок, алар эртеби кечпи демократияга өтүшөт. Ошондуктан бир гана Орусиянын демилгеси менен сөз болуп жаткан акча тууралуу ой - бул империялык ой жүгуртүү.

Өмүрбек Абдрахманов орусиялыктардын экономикасы газ жана нефтиге гана илинип тургандыгын белгилеп өттү.

- Алар телефон, трактор чыгарышпайт, экономикасы туруктуу эмес, - деди ал. - Ошондуктан рублга өтүү коркунучтуу. Биз көз карандысыз мамлекет болгондон кийин, ачабыз да өзүбүздүкү болуш керек. Эгерде биз Россия менен бириге турган болсок, анда баарынын өнүгүүсү бирдей болушу керек. Бирок РФ орточо айлык акы 600 доллар, бизде болсо 200 доллар. Биз жөн гана жем болуп калабыз аларга. Бирок бул Орусия менен карым-катнашты үзүү керек дегендик эмес. ЕАЭБ долларды туруктуу валюта катары баары бир колдонуу керек.

Мурдараак Vesti.kg сайтына Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасы Андрей Бельянинов пресс-конференцияда ЕАЭБ бирдиктүү валютасы алтын менен бекемделген рубль болуусу керек деп билдиргендигин эсиңиздерге салабы.

Евразия аймагындагы инвестициялык активдүүлүккө Дональд Трамптын ишмердүүлүгү түрткү болду: АКШ президентинин билдирүүлөрү жана жасаган кадамдары акырындык менен доллардан качууга себеп болуп жатат деп билдирди Бельянинова ММК. - Рубль ЕАЭБ аймагында бирден бир валюта болушу керек. Инфраструктуралык мегапроекттер америкалык экономика үчүн гана оңтойлуу. Ошондуктан бул биздин кадамыбыз «америкалык доллар» деп аталган кагаз акчаларды сүрүп чыгарып, андан аркы миссияларды аткарууга өбөлгө түзөт. Ошондуктан алар буга каршы чыгып жатышат.


Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх