Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Канатбек Исаевдин жабык соту уланат

Жогорку соттогулар бул иш жашыруун болуп саналат деп түшүндүрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Бишкектин Биринчи май райсоту Канатбек Исаевдин ишин кароону улантат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку соттун пресс-кызматы билдирди.

КР Жогорку сотунун маалыматы боюнча сот процесси жабык режимде өтөт.

- Бул иш мамлекеттик жана жашыруун болуп эсептелет, ошондуктан териштирүү жабык режимде өтөт, - деп түшүндүрүштү Жогорку соттун пресс-кызматындагылар.


Мындан мурдараак депутаттын агасы, ИИМ ГУГССО экс-башчысы Талантбек Исаев  ишти жашыруун кылып коюшту, анткени бул буйрутма иш деп  Vesti.kg сайтына билдирген эле.
Депутат Канатбек Исаев кылмыш ишине аралашып, ошонун алкагында былтыр 30 сентябрда кармалып, УКМК тергөө абагына киргизилген.

Башпрокуратура ага «Кылмышка даярданган», «массалык баш аламандык уюштуруу» жана «бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча айып таккан.  

Ошону менен бирге эле Бишкек шаардык соту депутат Исаевдин Токмоктун мэри болуп турган учурда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупция менен айыпталган кылмыш ишин токтотту.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх