Сапар Исаковдун жактоочусуна кылмыш ишинин материалдарын бербей атышат
Мурдагы премьердин коргоочусу нааразы жана эл аралык сотко чейин барууга даяр
Бишкектин Биринчи май райондук соту Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновго кылмыш ишинин материалдарынын көчүрмөлөрүн берүүдөн баш тарткан токтом чыгарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына премьердин жактоочусу өзү билдирди.
- Мурда тергөөчүлөр кылмыш ишинин материалдарын окууга беришчү, бирок аны көчүрмө кылууга тыюу салышкан, - деп эскерет ал. - Мен сотко кайрылдым эле, кечээ чечим чыгарышты. Сот өз токтомунда жактоочу материалдарды айыпталуучу сураган убакта гана ала алаарын билдирген. Бул кагаздын жардамы менен чыккан чечим. Анткени жактоочунун бардык иш аракети айыпталуучунун кызыкчылыгын көздөйт, жактоочунун буга укугу бар. Менин жактоочу катары айтаарым, тергөөчүлөрдүн бул кылгандары алардын айыптоо позициясынын алсыздыгын билдирет жана мен жактоочулук укугумду толук колдонгон учурда алар бул ишти иликтөөгө жөндөмсүз болуп калышат.
Токтакунов бул чечимге арызданаарын билдирди.
- Эгерде бардык мүмкүнчүлүктөрүмө бөгөт коюп коюшса, анда эл аралык сотко кайрылам, - деп сөзүн бүтүрдү ал.
Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаков КР КК 303-берененин 1 б. (Коррупция) менен айыпталган жана бөгөт коюу чарасы эч жакка чыгарбоо менен көрүлгөн.
Биринчи май райондук сотунун 5-июндагы чечими менен аны УКМК убактылуу тергөө абагына киргизишкен.
Вероника Малышева
Фото www