Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ башчысынын мурдагы кеңешчиси: Биз баарыбыз Коңгантиевди карап түздөнөбүз

Мурунку ички иштер министринин кеңешчиси апрель революциясынын баатырларынын билдирүүсүнө жооп берди

Апрель революциясынын баатырлары мурунку ички иштер министри Молдомуса Коңгантиевди жоопко тартууну талап кылышат. «Айкөл Ала-Тоо» мүчөлөрү бул тууралуу катты мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго жолдошту. Бул тууралуу журналисттерге аталган коомдук бирикменин өкүлдөрү билдирди.

Апрель революциясынын баатырларынын билдирүүсүнө Молдомуса Коңгантиевдин мурунку кеңешчиси Тимур Иманкулов жооп берди. Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал ИИМ башчысы да башка милиционерлер сыяктуу эле 2010-жылы жабыр тартты.
 

- Ошол күндөрү бир да милиционер киши өлтүргөн эмес, - деп белгиледи ал. - Тескерисинче ИИМ Академиясынын курсанттары жабыр тартышты. Аларды уруп, өлтүрүп салышты. Анын үстүнө Коңгантиевге кол салуу болгон. Ал кудайдын кудурети менен тирүү калган.

Андан сырткары, «Айкөл Ала-Тоо» мүчөлөрү Коңгантиевди Бакиевдин үй бүлөсү менен жакын болгон деп билдиришет. Буга байланыштуу Иманкулов төмөнкүлөрдү айтты:

- Коңгантиев милицияга Бакиев президент боло электе келген жана ал кыргыз элине кызмат кылам деп ант берген, - деп баса белгиледи ИИМ мурдагы кеңешчиси. - Ал Жалалабат облусунда туулуп калгандыгы үчүн күнөөлүү эмес да. Ташболот Коңгантиевич баарыбыз сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын жараны.

Иманкулов бийликти басып алууда Коңгантиевдин катышы жок экенине ишенет.

- Молдомуса Ташболотович Конституцияны башкадан жазган жок, мыйзам кабыл алган жок, ал болгону аткаруучу болчу, - деди ал. - Коңгантиев - катардагы жоокерден генералга чейинки жолду басып өткөн чыныгы милиционер. Кызматтык милдетти кыйшаюусуз аткаруунун үлгүсү. Баарыбыз ага карап түздөнөбүз.

Сөзүнүн аягында Тимур Иманкулов эгерде 7-апрелдеги митингде өлгөндөргө Коңгантиевдин тийешеси болгондо тергөө аны аныктап, далилдейт эле, - деп кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото wwww

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх