Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мырзакматовдун санаалаштары Оштун мэрлигине Сарыбашовдун талапкерлигин туура көрүшөт

Түштүк борбордун качкын мэри менен партиялаш ЖК депутаты Гайпкулов алдыдагы боло турган шайлоо тууралуу оюн айтты

Сарыбашов мамлекеттик кызматта зор тажрыйбага ээ жана Оштун көйгөйү менен тааныш деп белгилейт эл өкүлү.

Ош шаарынын мэрлигине Ош областынын ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов келиши мүмкүн. Жергиликтүү ММК билдирүүсүнө караганда анын талапкерлиги эң негизги.

Ош шаарынын мэрлигине дайындала турган  болжолдуу талапкер тууралуу оюн ЖК депутаты Искендер Гайпкулов  Vesti.kg  сайтына билдирди.

Ал мурунку шаар башчы Мелис Мырзакматовдун активдүү жактоочусу, ошондой эле «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөсү.

Депутат Ош шаарынын мэри болуп шаардын көйгөйүн жакындан билген адам шайланышы керектигин белгилеп өттү.

- Негизинен бул жакшы талапкер, деди Искендер Төрөкулович. - Кантсе да анын мамлекеттик кызматта тажрыйбасы бар. Таалайбек Сарыбашов аким болуп иштеген, эң негизгиси Ош областын жана шаардын өзүн жакшы билет. Менин оюмча жаңы адамды шайлагыча, бул жерге көнүп калган эле адамдардан шайласак.

Андан сырткары, Гайпкулов Ош шаарынын мэрлигине КР ӨКМ орун басары Давлетбек Алимбеков ат салышы мүмкүн экендигин да белгилеп өттү.

- Алимбеков да жакшы талапкер, - деп сөзүн улады депутат. - Анын үстүнө, ал шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеген. Эгерде бизнес тармагынан адам келсе таң калууга болот эле. Ал муниципалитеттин иши менен мурун-кийин тааныш болбойт да. Ал эми бул талапкерлер максатка ылайыктуу.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх