Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев МСК төрагасынын орун басарынын жокко чыгарылган орду тууралуу: Менин андай орун басарым жок болчу

Салык кызматынын мурунку башчысы мамлекеттик органдардагы айлыктын аздыгынан  IT-технологиясын жайылтуу кыйынга туруп аткандыгын белгиледи

Өкмөт Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын санариптик өнүгүү боюнча орун басарлык кызматты жойду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин пресс-кызматы билдирди.

- Менин андай орун басарым болгон да эмес, - деп өз оюн Vesti.kg сайтына билдирет мурунку МСК башчысы жана депутат Исхак Масалиев. - Менде сабаттуу кызматкерлерди табуу үчүн маалыматтык технологиялык башкарма бар болчу. Мамлекеттик кызматта айлык аз, ал эми техникалык адистер жакшы төлөй турган жеке секторлорго кетип калышат.

Масалиев мурунку өкмөт мамлекеттик ишти санариптештирүү курсу тууралуу билдиргендигин эскертти. МСК мурунку башчысынын ою боюнча, санариптик технология сөзсүз журушү керек, бирок ал орун басарлардын эмес, бөлүмдөрдүн деңгээлинде жүрүшү керек.

Өкмөт 2018-жылы 6-июлда №315 токтому менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматын киргизгендигин белгилей кетели.
Өкмөттүн материалында 2015-жылдын 1-декабрынан бери Бишкек шаарынын Октябрь району жана Чүй областынын Сокулук райондорунун аймактык салык органдарынын төлөмдөрү боюнча көчмө долбооор иштеп жаткандыгы айтылат.

«Салык кызматынын токтомдорду ишке ашыруудагы чыгымдары штатка бекитилген санга жана 2018-жылдын жана кийинки жылдарда каралган каражатка байланыштуу болот»,- деп көрсөтүлгөн.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх