Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Жогорку сот Кубанычбек Кулматовго карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүшү мүмкүн

Мурдагы Бишкектин мэринин жактоочусу, анын жактаган адамы азыркыга чейин аялы менен жоолугушканга уруксат ала албай жаткандыгын айтты

Жогорку сот эртең Бишкектин экс мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүшү мүмкүн. Бул туурасында Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Сергей Слесарев айтты.

Коргоочу тарап мурдагыдай эле анын бөгөт коюу чарасы камоо менен көрүлгөндүгүнө макул эместигин билдирип келет. Сот процесси эртең саат 10:00 болот.

- Андан сырткары, бүрсүгүнү, 11-июлда Бишкек шаардык соту анын камакта отуруусун 28-августка чейин узартуу маселесин карайт, - деп кошумчалады Слесарев.

Жактоочу УКМК тергөө абагындагылар мурунку шаар башчыга аялы менен жоолукканга уруксат бербей жатат деп билдирди.

- Жоолугушканга дагы эле уруксат жок, жалпысынан алганда ал өзүн жакшы эле сезет, ден соолугу тууралуу даттанбайт, - деп билдирет юрист.
 
Кулматовго карата КР КК 303 беренеси(Коррупция) жана 346-берененин 1 б.(чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыш иши козголгондугун эсиңиздерге салабыз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх