Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимов Лондонго учуп кетип калдыбы ?

«Раим-миллиондун» бир тууган иниси да, жактоочусу да анын азыркы тапта кайда экендигин айтышкан жок

Депутат Искендер Матраимов анын бир тууган агасы Райымбек Матраимовдун кай жерде экендиги тууралуу суроого жооп берген жок.

Vesti.kg сайты менен болгон маекте депутат ооруп жаткандыгын шылтоолоп суроого жооп берүүдөн баш тартты.

- Мен азыр кантип сүйлөйм? Мен ооруканада жатам, - деп билдирди Искендер Исмаилович.

Ошол убакта фейсбук  социалдык тармагында мурунку Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан кетип, азыр Лондондо экендиги тууралуу маалыматтар пайда болду.
Ал ортодо Райымбек Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская бул маалыматка комментарий бергиси келген жок.
- Менде анын кызыкчылыгын сот болгондо, конкреттүү иш боюнча коргоого ишеним кат бар, калган нерселер мага тийешелүү эмес, - деп жооп берди ал Vesti.kg сайтына.

Мындан мурдараак Искендер Матраимов анын агасы Кыргызстанда экендигин жана ал өлкөдөн чыгып кетпегендигин айтып ишендиргендигин эсиңиздерге салабыз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх