Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандагы Дамирбек Асылбек уулуна фракция боюнча мурунку кесиптештери барып учурашты

Бирок аларда кармалган ЖК экс-депутаты тууралуу тергөөнүн журүшүнөн эч кандай маалымат жок

Камалган «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын экс -депутатына кесиптештери барып келишти. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына депутат Данияр Төлөнов билдирди.

- Өткөн айда биздин фракциянын башчысы Алмазбек Батырбеков жана бир нече депутаттар барып келишкен, дейт Төлөнов. - "Жашыруун" деген ат менен жүргүзүлүп аткан тергөөгө байланыштуу жоолугушууга мүмкүнчүлүк болгон жок.  

Өз кезегинде анын кесиптеши Кубанычбек Нурматов  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Дамирбек Асылбек уулунун иши тууралуу эч кандай маалымат жок экендигин белгиледи.  

- Балким сот отуруму болгондо бир нерсе белгилүү болоор, - деп болжолдойт ал.

"Кыргызстан" партиясынан дагы бир депутат Салайдин Айдаров да анын партиялашынын кылмыш иши тууралуу жаңы фактыларды уга албагандыгын айтты.

- Азырынча эч нерсе билгисиз, - деп жооп берди ал  Vesti.kg сайтына.

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун Алматыда атайын операция учурунда кармашкан. Ал аткезчилик тууралуу чоң кылмыш ишине байланышып жатат. Ага 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыроо коркунучу туулуп жатат.

Ал Алматы шаардык сотунун чечими менен ушул жылдын 15-июлуна чейин камалган болчу.
Решением Алматинского горсуда он заключен под стражу до 15 июля текущего года.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх