Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясынын вице-мэри менен кошо кармалган ЖРБ начальнигин коё беришти

Сот Урмат Мурзакановдун бөгөт коюу чарасын үй камагына чыгаруу менен көрүштү

Бишкек мэри Ринат Макенов менен бирге кармалган жер ресурстарынын Башкармасынын начальниги Урмат Мурзакановду үй камагына чыгарды. Бул туурасында КР Жогорку сотунун пресс-кызматы билдирди.

- Мындай чечимди 2018-жылдын 7-июлунда Биринчи май райондук соту чыгарды. Бөгөт коюу чарасы 28-июлга чейин үй камагы менен көрүлдү, - деп билдирди КР ЖС.

Vesti.kg сайты мындан мурдараак Урмат Мурзакановго КР КК 303 беренеси 1 б. (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу жазган эле.

Ал вице-мэр Ринат Макенов менен бирге мыйзамсыз жер участокторун жеке адамдарга саткандыгы тууралуу айыпталууда.  Макенов тергөө иштери бүткүча камакка алынган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх