Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККМБ жазалоочу милдетти алып салууга техникалык база жокпу?

Мурун премьер-министр маичилерди пара алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратам деп убада берген

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ИИМ ЖКККМБ кызматкерлерин жазалоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу идеясы учурдун талабы, бирок ал материалдык-техникалык базаны талап кылат, ал азыр жок. Мындай деген пикирин ИИМ алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү Ялкун Даутов билдирет.

-Коррупция менен күрөшүү жагынынан алып караганда бул механизм таасир берет, себепсиз токтотуп, пара тилегендер жоголот, - дейт ал Vesti.kg. – Бирок айып пулду тескей турган аппарат керек, буга күбөлөр да керек: мисалга мени кайсы берене менен эмне үчүн айып пул салып жатканын билип турушум керек да.

Андан сырткары, КБК мүчөсү камераларды орнотуу зарылчылыгын эскертет жана сапаттуу жол белгилерин коюуну эскертти.

Мурунку башпрокурордун орун басары жана улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын мурдагы орун басары, эс алуудагы юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиев дүйнөдө көптөгөн жакшы майнап бере турган ыкмалар бар экендигин көрсөттү.

-Велосипед ойлоп тапкандын кереги жок дейт ал Vesti.kg сайтына. – “Коопсуз шаар” долбоорунда камераларды орнотуу айтылган. Ушул эле жетиштүү, көчөдөгү тартип тескөөчүлөрдү алып таштоо керек – бул механикалык жумуш. Камерачан маичи – бул уюлдук телефон менен жаңгак чагууга барабар. Ал эми ЖКККМБ жол кырсыгы болгон жерге баруусу керек жана машина уурдап качкандарды тутуусу керек.

Эс алуудагы генерал-майордун ою боюнча, бул үчүн ар бир он метрге камера коюунун да кажети жок – өтө кооптуу деген гана жерлерге, бурулушка, өйдөлүш, ылдыйышка коюлушу керек.

Андан сырткары, ал Швециядагы дагы бир майнаптуу ыкмага көңүл бурууга чакырат.

-Мына карагыла: эгерде светофорду кесилишке койсо жол кырсыгы азыраак болот, - дейт Кожоналиев. – Эгерде ал жерге айланма кыймыл кылса, машиналар көбүрөөк токтошот, бирок зыянсыз болот. Анткени айланмага жетээрде алдын ала айдоочулар акырындашат.


Тизмектештирип жатып талдоочу тактайт: паракорчулук киши бар жерде болот, ал эми камера бар жерде болбойт. Ушундан улам коррупцияны жоюу үчүн, көчөнү ЖКККМБ кызматкерлеринен тазалоо керек, аларды камералар менен алмаштыруу керек.


Мындан мурдараак Vesti.kg сайтына  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө Башкы башкармасынын жазалоочу милдетин жоё тургандыгын билдиришкендигин эсиңиздерге салабыз.

“Өлкөбүздүн жолдорундагы жарандардын өмүрүн алып кеткен кайгылуу окуялар бул структуранын жараксыз экендигин көрсөттү.Башкарманын кызматкерлери айып пул салууну жана пара алууну гана билишет, деди ал. – Мен ЖКККМБ кызматкерлеринин жазалоочу милдеттерин жоюуга токтолдум. Ушундай жол менен алар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жоопкерчиликтүү болушат жана себепсиз токтотуп пара алуу жоголот”.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх