Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Осмонбек Артыкбаевди УКМК тергөө абагынан ооруканага которушту

Депутаттын кан басымы көтөрүлүп, астмасы күчөп кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевди УКМК тергөө абагынан ооруканага которушту. Бул туурасында Vesti.kg сайтына УКМК пресс-кызматы билдирди.

- Учурда ал адистештирилген клиникада дарыланып жатат,- деп айтышты андагылар.

Мекемедегилер депутатты качан которушкандарын айтуудан баш тартышты.

Ал ортодо, кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун башчысы Нурдин Сулайманов эл өкүлүн №47 ТК ооруканасына эмес, кадимки ооруканага жиберишкендигин белгилеп кетти.

Артыкбаев астмалык приступ болду деп билдиришти. Андан сырткары, кан басымдын секирик жасашы жана аритмия тууралуу сөз болуп жатат.
Камалган депутаттын жактоочусу комментарий үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Мурдараак тергөө абагына депутат үчүн бир нече ирет тез жардам чакырышкандыгын ММК билдиришкен эле. Улуттук коопсуздук кызматы бул маалыматты четке какты.

Осмонбек Артыкбаевге Бишкек ЖЭБ модернизациясынын алкагында кылмыш иши козголгондугун эсиңиздерге салабыз. 7-июнда ал УКМК тергөө абагына иликтөө иштери бүткөнгө чейин камакка алынган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх