«Замандаш» партиясынын премьер-министрге жана депутаттарга кайрылуусу (видео)
«Замандашчылар» Орусиядагы эмгек мигранттарына тийешелүү эрежелердин күчөтүлүшү боюнча кайрылуу жасады
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Жумабеков Дастан Артисбековичке,жалпы депутаттарга,өкмөт башчы Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичке «Замандаш» партиясы расмий кайрылуу кылат!
«Орусиянын аймагында бүгүн 650 000 ден ашуун Кыргызстандыктар эмгектенип келет. Анын ичинен 70 000 ден ашыгы кара тизмеге киргендер. Ал арада Орусия өкмөтү эмгек мигранттарына тийиштүү эрежелерди күчөттү. Мындан кийин Орусияга иш издеп барган чет өлкөлүктөр жеринде гана каттоодон өтө алат. Бул эреже тилекке каршы Кыргызстандын жарандарына да тийишелүү. Эгер бул маселелени бүгүн чечпесек,эртең эмгек мигранттарына чоң залакасын тийгизет. Андыктан, мигранттардын кайрылуусунун негизинде, Урматтуу өкмөт мүчөлөрү! Урматтуу депутаттар! Жеринен барып, ЭАЕБдин алкагында мигранттар үчүн каралган жеңилдиктер жана алардын негизинде түзүлгөн келишимдердин алкагында маселени чечип берүүңүздөрдү суранабыз!»
Фото www