Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП кезексиз съездинде Атамбаевди партиядан алып салуу жарыяланды

Кабыл алынган резолюцияда экс-президент өзүнүн айланасындагыларга өлкөнү тоноонун үлгүсүн көрсөттү деп айтылат  

Республиканын бардык аймактарында «Атамбаевсиз КСДП» деген лозунгдун алдында конференция өткөрүү керек. Бул сөздөр бүгүнкү КСДП мүчөлөрү кабыл алган резолюциянын пункттарынын бири болуп калды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына социал-демократтар партиясынын мүчөсү, мурунку Чүй областынын башчысы Сагынбек Абдрахманов билдирди.
      
Кыргызстан Социал – Демократтар Партиясынын (КСДП мүчөлөрүнүн жыйынын резолюциясы:

Кыргыздар эң байыркы улуттардын катарына кирет, азыркы учурда демократиянын аралчасы болуп келет. Жада калса, совет доорунда да кыргыздар, өз эрежелери менен, совет чөйрөсүндө жашай алышкан.

Биздин бийлик эгедерлери, куру бекер авторитардык бийлик орнотууга аракет кылып келишти. Канчалык карөзгөй жол изделбесин, кыргыз жергесинде Эл бийлигинен башка, жеке, үй бүлөлүк, туугандык, партиялык бийлик орнотуу аракеттери, эч качан ишке ашпайт.

КСДП чыныгы элдик партия катары, ар качан саясий күрөштүн көч башында  болуп келген. 2005 жана 2010 жылдары КСДП үй-бүлөөлүк, авторитардык режимди кулатууну жетектеген.

Бирок, Атамбаев  баштаган партия жетекчилиги, мурунку өлкө башчылары кетирген катачылыктарын эске албастан, эл талап кылган саясый жана экономикалык реформаларды жүргүзбөстөн, адам таң калаарлык карөзгөйлүк менен, өздөрүнүн материалдык абалын эбегейсиз байытууга киришишти.
Алар, эми биздин, уурдап байый турган мезгилибиз келди деген тыянак чыгарышса керек.

Өлкөдө коррупция көз жеткис, жогорку денгээлге жетти.

Атамбаев, өз иш аракеттери менен мамлекетти кантип талап-тоношту жан - жөкөрлөрүнө көрсөтүп берди.
Бул түзүлгөн абалдан, ички реформа жүргүзүүгө эрки жеткен, партия мүчөлөрү бар, партиялар гана чыга алышат.
Азыркы учурда баардык саясий уюмдарда демократиялашуу процесси жүрүп айрым учурларда партиянын бөлүнүп жарылышына алып келип жатат.
Саясий партиялар «парттөбөлдөрдүн» жеке менчиги, же «хан диванканасы» болуудан алыстап баратат.

КСДПнын ээлеген абалын солгундотпоо үчүн, партияны бөлүнүп жарылуудан сактап калуу үчүн, тез арада төмөнкү чаралар көрүлүүгө тийиш:
 
 
1.    Республиканын баардык аймактарында, «КСДП Атамбаевсыз», деген ураандын алдында партиянын райондук, облустук кезексиз конференцияларын өткөрүү.
2.    Партиянын кезексиз съездин чакыруу.
3.    Партиянын саясий кеңешиндеги жана партиядагы татыксыз адамдардан арылуу.
4.    Партия мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде, партиянын  мамлекетти өнүктүрүү программасын кабыл алуу.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх