Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азимбек Бекназаров: Үчүнчү революция болуп кетиши мүмкүн

Мурдагы тополоңдордун катышуучусу Кыргызстандын жарандарын мамлекеттик көйгөйдү күч менен чечүү идеясынан кайтууга чакырат

Эгерде Кыргызстанда кайрадан үй бүлөлүк башкаруу пайда болсо, анда үчүнчү революция болот. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы башпрокурор Азимбек Бекназаров билдирди.

Бул нерсе жакшылыкка алып барбастыгын ал жакшы билет.

- Мурунку эки революция максатына жеткен жок, - дейт ал. - Муну мен ошол окуялардын катышуучусу катары айтып жатам. Үчүнчү революция деле эчтеке бербейт. Биз андан кийин да жыргап кетпейбиз. Биз ар бирибиз өз жан дүйнөбүздө революция кылсак ошондо гана оңолобуз. Муну ар бири өзүнүн дүйнөсүндө жасашы керек. Биз бийликке асыла бербей, ушул максат менен мыйзам боюнча жашашыбыз керек.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх