Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин командасындагыларга Максим Бакиевди үлгү катары көрсөтүштү

Качкын президенттин тарапташы ЦАРИИ мурунку башчысы Кыргызстан үчүн башкаларга караганда көбүрөөк пайда алып келди деп ишенет

Бишкек ЖЭБ боюнча Кыргызстанга ким көбүрөөк зыян келтирди, 386 миллион доллар кредиттин жарымын уурдагандарбы, же оошол эле келишимди 150 миллионго түзгөн Максим Бакиевби? Ушундай өңдүү суроону Vesti.kg сайты менен болгон маекте качкын президент Курманбек Бакиевдин активдүү тарапташы Аскат Тейит журналистке койду.

Ал эртеби, кечпи бул ишти элдин баары билээрин белгилеп кетти.
 
Кыргызстанда акыркы убакта бардык мыйзамсыз кабыл алынган Алмазбек Атамбаевдин чечимдеринин баарын козгоп жатышат, - дейт ал.  - Бул өңүттөн алып караганда Курманбек Бакиевдин  доору башкача көрүнө баштайт. Келгиле жалаң гана фактыларга таяналы. Жылуулукэлектроборборундагы кырдаал атабаевдик режимдин коррупциялашкандыгын ачыкка чыгаргандыгы эч кимге деле жашыруун эмес. Бул тууралуу депутаттардын өздөрү да кеп кылышты. Мисалга, депутат Айнуру Алтыбаева Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы бир пунктту көрсөттү, ага ылайык кытай компаниясы менен боло турган талаш маселелерди Гонконгдун соту чечет экен.

Атап айтканда, келишимге Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген пунктту киргизип коюшкандарына таң калат.
Ал эми депутат Шыкмаматов парламенттин трибунасынан ЖЭБ модернизациялоо маселесин Атамбаев эмес Максим Бакиев көтөргөн деп айтты. Ошондой эле Максим Бакиев ал келишимди 150 миллион долларга түзгөн. Бул жерде кредиттин суммасын 100 миллионго ашыкча көтөрүп жиберишкен чиновниктер Максим Бакиевди сындаганга беттери чыдайбы?

Ошону менен бирге эле качкын президенттин тарапташы Максим Бакиев башкарган ЦАРИИ кантип иштегендигин эске салды.

- Эми келиңиздер ЦАРИИ кандай иштегендигин талдап көрөлү, - деп улантат Аскат Тейит. - Бул агентствонун алдына койгон көп максаттары бар эле. Алар Бишкек менен Ошко үйлөрдү курууну көздөшкөн, анын аркасы менен карапайым элдер батирлүү болушмак жана ал ипотекага 10-15 жылга берилмек. Андан сырткары, бул долбоор көп адамдарды иш менен камсыз кылмак. ЦАРИИнин экинчи долбоору айыл чарба микрокредиттик компанияларын ачуу болчу. Бул айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.

Ал эми Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү боюнча келишимди түзүүнү Кытайга Максим Бакиев менен кошо барып, баарын өз көзү менен көргөн Сапар Исаков жакшы айтып берет.

Кыскасы ЦАРИИ көп балдарга баа жеткис  тажрыйба берди, ошонун ичинде Сапар Исаков да бар.
Ооба, кийин алар башкаларга кошулуп алып Максим Бакиевди сындай башташты. Анткени Атамбаевдин командасына кирип алышкан эле да. Бирок, Максим Бакиев эч кимиси тууралуу бир ооз да жаман сөз сүйлөгөн жок ушул убакка чейин.

Мурда Алмамбет Шыкмаматов парламенттин жыйынында Бишкек ЖЭБ модернизациясын Максим Бакиев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштагандыгын айткан эле.

- Максим Бакиевди баары алдамчы дешет, бирок ал кредитти 150 миллион долларга макулдашкан, - дейт эл өкүлү. Кийинчерээк бул сумма 386 миллион долларга көтөрүлдү. Анткени чиновниктерге өздөрүнүн чөнтөгүнө акча алып калышы керек эле. Эмнеге эл аралык аудитти чакырабыз ? Убакытты дагы 3 жылга созуу үчүнбү ?  Ансыз деле жылуулук борборунда баа үч эсеге ашырылгандыгы көрүнүп турбайбы.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх