Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: Сапар Исаков аларга мылтык такагандай түр кылып жатышат

Мурунку премьердин жактоочусу Сапар Исаковдун иши боюнча экспертизага болгон басым тууралуу айтып берди. Анын сөзү боюнча, тергөөнүн версиясы менен дал келбегендиги үчүн үч эксперт камалган

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов улуттук коопсуздук комитетин иш боюнча экспертизага тийгизген басымы тууралуу күнөөлөдү. Булл тууралуу Vesti.kg сайтына жактоочу өзу айтып берди.

- Мен өзүмдүн булактарыма салыштырып отуруп, Исаковдун иши боюнча кандайдыр бир оңдоп-түзөөлөрдү байкадым. Алтургай иликтөөнүн версиясына туура келбеген үч экспертти камаганга да үлгүрүшүптүр, - деп билдирди  ал. - Мен тергөөчүгө кайрылдым, мага "ооба экспертиза болду " деп жооп беришти. Бирок мени, жактоочу катары  экспертизанын өткөндүгү тууралуу токтом менен да, анын жыйынтыгы менен да тааныштырышкан жок.

Документтерди талап кылып, Нурбек Токтакунов аларды колуна алды. Бирок, аны окууга гана уруксат беришти. Көчүрмөсүн алганга уруксат беришкен жок. Мыйзам боюнча жактоочу аны көчүрмөлөп алууга укуктуу эле. Экс-премьердин жактоочусу сотко кайрылды. Бирок өзүнүн тууралыгын далилдөөгө мүмкүн болгон жок.

- Мага көчүрмөнү мен коргоп жаткан адам өтүнүч келтирсе гана беришээрин айтышты, - дейт ал. Бул эмне дегендик? ЖПК 48-беренесинде жактоочу өзүнүн коргоочусунун кызыкчылыгына жараша иш-аракет жасайт деп айтылат. Мен ошондуктан сурап жатпаймынбы. Бул чечимге да биз арыз жаздык.
Нурбек Токтакунов Башкы прокуратурага УКМК тергөөчүсүнө жактоочуга басым көрсөткөндүгү үчүн кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен кайрылды.

- Менден экспертизаны жана анын жыйынтыгын жашыруу менен алар жактоочунун укугун бузуп жатышат, - дейт ал.

Мурдараак  Vesti.kg сайтынан КР УКМК Нурбек Токтакунов Сапар Исаковдун материалы менен таанышып чыгып, аны жарыя кылбоого кол коюудан баш тартып жатат деп билдиришкен болчу.

«ЖПК 173-беренесине ылайык кылмыш иши боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды жарыялоого мүмкүн эмес, андай болбогон учурда тергөөчү алып коюуга укуктуу жана жоопкерчилиги тууралуу эскертилет, - деп жазат УКМК. - Бирок түшүнүксүз себептер менен Токтакунов тергөөнүн жыйынтыктарын жарыя кылбоодон баш тарткан».

Мурдагы өкмөт башчынын жактоочусу улуттук коопсуздук комитети ММК жана окурмандарды адаштырып жатат деп эсептейт. Ал мындай кол коюуга жактоочу такыр эле милдеттүү эмес деп баса белгиледи.

- Жактоочунун колуна тийген нерсенин баары эле сыр болуп эсептеле бербейт, - дейт Токтакунов. - Анткени жактоочусу анын туугандары  жана достору менен талкууга алышат деп калп айтышат. Жарыя кылууга мүмкүн болбогон нерсени жактоочунун колуна беришпейт алар. УКМК калп айтып жатат.

Токтакунов Сапар Исаковду премер-министр болуп турганда ыйгарым укугунун алкагында гана аракет кылган деп баса белгиледи.

- Эгерде министрлер жана депутаттар саясий чечимди президент мыйзам бузуу менен кабыл алып жатканын көрүп туруп билдирбеген болсо, ал алардын жоопкерчилиги, - деп эсептейт ал. Алар азыр Сапар Исаков мылтык такап тургандай болуп корүнүүгө аракет кылып жатышат. Алар эмнесин жоготушу мүмкүн эле ? Мандатынбы? Министрликтеги жылуу креслосунбу?  Коркоктук менен актанууга болобу ?

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх