Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чиновниктердин кимиси өз каражатына жашабагандыгын күзүндө гана айтышат

Массалык салык боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын ЖК, тергөө органдарына жана президенттин аппаратына жөнөтүшөт

Кирешесин жашырган чиновниктре тууралуу маалымат 1-октябрдан кийин жарыяланат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

- Текшерүү башталды, жмушчу топ түзүлдү, - дешти МСК. - Алдын ала маалыматтарды силерге бергенге укугубуз жок. Мамлекеттик кызматкерлердин салык декларациясын текшерүү 1-декабрга чейин созулат, андан соң жыйынтыгы өкмөткө жана президенттин аппаратына жөнөтүлөт. Мыйзам бузуулар табылып калса тергөө органдарына жөнөтүлөт.
Кийинчерээк Мамлекеттик кадр кызматы салык маалыматтары тууралуу коомчулукка жарыя кылат.

Мекемедегилер депутат Камчыбек Жолдошбаевдин да салык декларацияларын текшерет деп кошумчалады. Анткени анын өтө чоң үйү бар, бирок баары кезеги менен.

- Этикалык себептерди караганда бардык текшерүүлөр ырааты менен кетип атат, - деп кошумчалады фискалдык органдагылар. Бирок, мурда президент белгилеп койгон мамлекеттик органдар катары менен текшериле берет.

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн парламентке  кайрылуусунда ушул жылдын 1-июлунан баштап бардык мамлекеттик чиновниктерди массалык текшерүү болот деп  билдиргендигин эсиңиздерге салабыз.

«Бул коррупция менен күрөшүүдөгү өтө маанилүү учур, - деп билдирет мамлекет башчы. - Ар бир чиновник өзүнүн тапкан кирешесине гана жашоосу зарыл. Чиновниктердин чыгымын аныктап, тактап тура турган механизмдер ишке киргизилиши керек. Мыйзамсыз кирешелерин жаап жашырып, жакындарына жана туугандарына каттатууну ачыктап, токтотуу зарыл», - деп билдирди президент.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх