Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Артыкбаевге басым жасалууда, анткени ал жөн эле курмандык болгусу келбейт жана эч кимди жаап жашырбайт»

Камалган депутаттын жактоочусу анын коргогон адамы өлкөдөн эч кайда качып кетпейт жана өзүнүн тууралыгы үчүн акырына чейин кармашат деп билдирди

Парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Айжан Орозакунова анын коргогон адамы тууралуу так эмес маалыматтарды таркатпоого чакырды.

Ал социалдык тармактарда жана ММК Артыкбаевдин качып кеткендиги тууралуу ушак-айың жүрүп жаткандыгын белгилеп кетти.

«Жоопкерчиликти мойнума алып туруп төмөнкүлөрдү билдирем: Артыкбаев өзүнүн тууралыгы үчүн акырына чейин турат жана өзунун күнөөсүз экендигин далилдейт. Менин жактаган кишиме кээ бир адамдар тарабынан басым болуп жатат, анткени Бишкек ЖЭБ боюнча маселеде кимдин түдөн-түз катышы бар экендигин ал жаап жашырбайт.

Ал адамдарга менин коргогон адамымдын акырына чейин күрошүп өзүнүн актыгын далилдеши жана курмандык болуп калгысы келбегендиги жакпай жатат. Укук коргоочуларга жана көзөмөлоргандарына менин коргогон адамыма басым көрсөткөндөргө чара көрүүңүздөрдү суранат элем. Артыкбаевге карата жалган маалыматтарды таркатып жатышат.  Ден соолугунун оордугуна карабастан ал акырына чейин барып өзүнүн тууралыгын далилдөөгө даяр. Өлкөдөн эч жакка качып кетпейт», - деп билдирди ал.

Артыкбаев азыр Миррахимов атындагы Улуттук кардиология, терапия бөлүмүндө стационардык текшерүүдө жана дарылоодо жатат. Аортанын, кыртыштын, мээнин жана уйку артериясынын атеросклерозу үчүнчү баскычка өтүп кооптуу абалга жеткен деген диагноз коюлган. Экинчи баскычтагы ХОБЛ, орто оордуктагы агым, өөрчүп кетүү коркунучу бар. Азыркы учурда Артыкбаевди операцияга даярдап жатышат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх