Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Албек Ибраимов качып кеткен жок. Бирок анын кайда экендиги чындап эле белгисиз

Бишкек мэриясынан эмне үчүн борбор шаардын башчысы жумуш ордунда жок экендигин түшүндүрүштү

Бишкек мэриясы Албек Ибраимовдун качып кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу Vesti.kg  сайтына муниципалитеттин пресс-кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Бишкек мэри Албек Ибраимов өзүнүн кезектеги эмгек өргүүсүнө чыккан.

- Анын эмгек өргүүсү 10-июлдан 8-августка чейин болот деп такташты мэриядагылар.

Жергиликтүү ММК өздүк булактарга таянып Бишкек мэрисына шилтеме жолдогон, билдирүүдө Албек Ибраимовдун качып кеткендиги жана азыр кайда экендиги белгизсиздиги айтылган.


Бишкек мэри Албек Ибраимовго карата КР КЖК 171 беренесинин 4 б. 1,2 пункттары менен кылмыш иши козголгон (ага ишенип берилген мүлктү коротуп жана менчиктештирип алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу).

УКМК маалыматы боюнча, 2012-жылы январь айында ААК "ТНК Дастандын"  төрагасы Албек Ибраимов менен ЖЧК «Дастан Инжиниринг» гендиректору Асылкүл Сасыбаева 80 даана атайын буюмдарды алып келүү үчүн келишим түзүшкөн. Алардын жалпы баасы 533,7 миң доллар болгон.  Ал эми бир буюмдун баасы 6,6 миң доллар болгон.


Өз кезегинде аты аталган ЖЧК келишимди Украинанын мамлекеттик чарбалык эсеп компаниясы менен кайра түзүп келе турган жабдууларды 14 миң 400 долларга алган (андан сырткары жеткиргендиги үчүн 49 миң доллар). Ортодогу айырма 470 миң 360 долларды тузгөн.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх