Башпрокуратура Коңгантиевге байланыштуу ишти УКМК дан талап кылды
Башкы көзөмөл органы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткарып жатат
Башпрокуратура президенттин тапшырмасын аткарып УКМКдан Молдомуса Коңгантиевдин токтотулган кылмыш ишин талап кылды. Ал кылмыш иши 2010-жылы КР КЖК 305 жана 316 беренелери менен козголгон болчу (Шалаакылык) жана (Ыйгарым укугун ашыра колдонуу).
Учурда бул кылмыш ишинин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү иликтенип жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ага тийешелүү баа берилет.
Башпрокуратуранын маалымат бөлүмү
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз