Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Албек Ибраимовдун тагдырын чечкенге премьердин 3 күнү бар

Эгерде Абылгазиев Бишкек шаардык кеңешинин токтомун кабыл албаса, депутаттар бул маселени кайра көтөрөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге мэрди отставкага кетирүү чечимин кабыл алууга үч күн берилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык кеңештин пресс-кызматы билдирди.

- Жергиликтүү өзун өзү башкаруу органынын макамы тууралуу мыйзам боюнча, ошондой эле шаардын макамы тууралуу өкмөт башчыда 3 күн бар, ал ушул убакытта же отставкага жибериши керек мэрди, же калтырышы керек, - деп түшүндүрүштү мекемедегилер. - Эгерде премьер-министр мэрди ордуна калтырып койсо, депутаттар бул маселеге кайра 3 айдан соң кайрылып келишет.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө вотуму жарыяланды. Чечим бир добуштан кабыл алынды.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх