Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шаардык сот Мавлян Аскарбековду айып пул төлөөдөн бошотуп, Кыргызстандан сыртка чыгууга уруксат берди

Активисттин айтуусу боюнча, ишти мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу токтотуп коюшса болмок, бирок укук коргоочулар буга көңүл бурушкан жок 

Бүгүн Бишкек шаардык соту Мавлян Аскарбековду күнөөлүү деп чечкен биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Өкүмдүн кээ бир жерлери гана өзгөргөн. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Анын айтымында, анын кылмыш иши тууралуу жаңы чечим чыкты.


- Шаардык соттун чечими менен 50 миң сом айып пул жокко чыгарылды жана өлкөнүн чегинен чыгууга тыюуу салууну алып салышты. Бирок анткени менен мени баары бир күнөөлүү деп калтырышты, - деди активист.

Ошону менен бирге эле Мавлян Аскарбеков шаардык соттун чечими менен макул эместигин жана жогорку инстанцияларга арыздана тургандыгын билгизди.

- Ооба, мен жогорку инстанцияларга арызданам, өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм, - деп улантат. - Ошондой эле сот жараянынын жүрүшүндө мен иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти токтотууну өтүндүм. - бирок соттун чечими боюнча мен өзүмдү күнөөлүү деп эсептесем гана ишти жабышаарын айтышты. Мен күнөөмдү мойнума албагандыгым үчүн сот жараяны уланды. Бул биздин мыйзамдагы карама каршылыкты каңкуулайт.

Биринчи май райондук соту буга чейин Мавлян Аскарбековду бийликти басып алуу үчүн коомчулукка чакырык таштады деп айыптагандыгын эскертебиз.


Ага карата КР КЖК 297 беренесинин 1 пункту менен кылмыш иши козголгон.

Бакыт Стамов
Сүрөт www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх