Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекке мэр болгусу келгендер өздөрү тууралуу маалымат башташты

Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Жамалбек Ырсалиев шаар башчылыкка талапкерлигин коюуга даяр

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жамалбек Ырсалиев Бишкек мэрлигине талапкерлигин коюуга даяр. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Шаардык кеңешитин  мурдагы мүчөсүнүн айтымында, ал шаардын өнүгүүсү үчүн бардык күчүн жумшайт.

- Интернетте элдердин көбү менин талапкерлигимди Бишкек мэрлигине сунуштап жатышкандыктарына таң калбай коё албадым, - дейт ал.  - Албетте, мындай кызматты аркалагым келип жаткандыгын жашыра албайм. Ошондуктан элдер ишеним көрсөтүшсө, болгон күчүмдү сарптап, иштеп бермекмин.

Мындан мурдараак Бишкек шаардык кеңеши мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө добуштерын беришкендиктерин эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх